Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тарабынан тергөө изоляторлоруна жана ири жаза өтөө мекемелерине онлайн режиминде каралып жана жазылып турган видеокөзөмөл системи менен жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.
"Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы мындай чарага буга чейин айтылып келген ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында барууда. Бул жагдай жазасын өтөп жаткандар жана жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттердин жоюлушуна өбөлгө болот. Учурда видеокөзөмөл Оштогу жаза өтөө мекемелерине жана Чүй облусундагы тергөө изоляторлоруна, ошондой эле жаза өтөө мекемелерине толугу менен орнотулуп бүттү",- дейт Э.Сабатарова.