Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,7 миллиард метр кубду түзүүдө

9-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 774 миллион метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 136 метр куб болсо, 2014-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 139 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 556 метр куб болсо, былтыр ал көрсөткүч 804 метр кубду түзгөн. 

Эске салсак, өткөн жылы 9-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 429 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
novayariga
2015-02-09 18:50:19
Чыдай турсак буйруса жазгы ала шалбыртта толо тушот. Болгону сатканга артабы артпай калабы билбейм:)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан