3 жыл мурун Казакстанга кулчулукка сатылып кеткен Жумагүл Жусуп кызы куткарылып, бүгүн, 9-февралда 70 жаштагы апасына жолугууга Ошко жөнөп кетти. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынан билдиришти. Ассоциациянын Казакстандагы өкүлчүлүгү кызды Алматы облусунда фермада иштеп жүргөн жеринен табышкан. Жумагүл маалымат булактарына берген маегинде: “Үч жыл мурун Нурила деген бейтааныш аял менен Казакстанга иштегени баргам. Кийин ал аял мени Алматы облусунун Маловодное деген жерине алып барып, уйгурларга кулдукка сатып жиберген. Нурила эжени биринчи жолу көргөм, кийин мени акчага сатып, өзү кетип калган. Жанымда эч кандай документтерим жок эле, анан кете албай жүрдүм, менден башка да кыргыздар бар”,- дейт.
Ноокат районунун Уркуя Салиева айылынан болорун айткан Жумагүл мектепте окубаганын билдирди. Ал эми кыз апасы тааныган адамдар аркылуу байланышып, Ошко сапар алды.