Бүгүн, 9-февралда шаардагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда “Экономика жана техника балдардын көзү менен” аттуу сынак болуп, окуучулар өз колдору менен жасаган буюмдарын жана чыгармачылык менен тарткан сүрөттөрүн көргөзмөгө алып келишти.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, "Экономиканы көтөрүү үчүн эмне кылуу керек?" деген суроону алдына койгон окуучулар өздөрү кыялданып элестетип жүргөн ишканалардын, шаардагы турак жайлардын, автоунаа жолдорунун жана ага колдонулган техникалардын макеттерин жасап, азыркы кыялдарын келечекте кантип ишке ашыруу керектиги жөнүндө ойлорун айтышты. Аталган сынак 2015-жыл - Кыргыз Республикасында Улуттук экономиканы чыңдоо жылына карата уюштурулуп, балдардын чыгармачылык жөндөмүн жогорулатуу, техника жана экономика боюнча түшүнүгүн калыптандырып, өз өлкөсүнүн келечегине күйүмдүү патриот балдарды тарбиялоо максатын көздөйт.
Ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерден 1-класстан тарта 9-класста окуган окуучулар катышты. Ошондой эле мектептен тышкаркы мекемелердин 7 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдары катышты.