Ош шаардык билим берүү башкармалыгы калаадагы мектептерде 14-февралды Сүйүү күнү катары белгилөөгө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда аталган башкармалыктын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.
"Билим берүү башкармалыгы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чыккан буйруктарды гана аткарат. 14-февраль - Валентин күнүн белгилөө эч кандай мыйзамда жок. Мындай чет элден келген жоруктар окуучулардын тарбиясына терс таасирин тийгизүүдө. Ошол себептен улам мындай майрамдарды белгилөөдөн алыс болушубуз керек. Ошондой эле ал күнү шаарда мектеп окуучуларынын олимпиадасы өткөрүлөт. Окууну үзгүлтүккө учуратып, окуучуларды алаксытпашыбыз керек. Мындан сырткары, президентибиздин жарлыгына ылайык, 2015-жыл – Улуттук экономиканы чыңдоо жылына карата иш-чаралар жүргүзүлүүдө",- дейт К.Кимсанов.
Анын айтымында, аймактык мектептерде Валентин күнүнө карата сүйүшкөндөр үчүн атайын кутучалар бул жылы да уюштурулбайт жана иш-чараларды өткөрбөөгө катуу талап коюлган. Айта кетсек, жаштар арасында популярдуу болгон бул майрам 2014-жылы белгиленген эмес.