Борбордогу "Элдик лотерея" ачык акционердик коомунун кеңсеси ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде текшерилүүдө. Тинтүү иштери кечээ да жүргөн, бүгүн ишкананын бардык документтери текшерүүгө алынып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура аталган акционердик коомго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери Бишкек шаарынын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Белгилүү болгондой, аталган ишканага убагында мыйзамсыз лицензия берилген. Ага Ак үйдөгү айрым чоңдордордун да тиешеси бар. Бирок алардын аты-жөнү тергөө амалдарынын кызыкчылыгы үчүн аталбайт.