Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн бирине тапанча жана Жогорку Кеңештин күбөлүгүн кармаган сүрөтүн чыгарган жигиттин кайсы бир кылмышка катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары Уланбек Султанов билдирди.
Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун интенеттеги социалдык түйүндөрдүн биринде тапанча жана Жогорку Кеңештин күбөлүгүн кармаган сүрөтүн коомчулукка чыгарган жигитти издөө иштери жүрө баштаган.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кечээ милиция бөлүмүнө аталган сүрөттөгү 21 жаштагы И.Калыбеков алынып келинди. Учурда сүрөттө көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин күбөлүгү жана тапанча менен кандайдыр бир кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу аныкталууда. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо же козгобоо боюнча маселеси каралат",- дейт У.Султанов.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган жигиттин үйүнөн эч кандай жазуусу жок, сериялык номуру бар Жогорку Кеңештин көбөлүгү жана газ-травматикалык тапанчасы алынды. Иликтөө иштеринин алкагында тапанча анын атасынын наамына жазылгандыгы аныкталды. Азыркы тапта чогултулган материалдар Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери улантылууда.