Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн бирине тапанча жана Жогорку Кеңештин күбөлүгүн кармаган сүрөтүн чыгарган жигиттин кайсы бир кылмышка катыштыгы жок экени аныкталды. Ал жигитке жана анын атасына эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.
“Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында газ-травматикалык тапанча сүрөттөгү жигиттин досунуку экени аныкталды. Бирок анын ал тапанчаны алып жүрүүгө уруксаты жана тиешелүү документтери жок экени аныкталган. Аталган себепке байланыштуу ага карата административдик материал топтолуп, сотко жөнөтүлгөн. Сүрөттө көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин күбөлүгүнүн ичинде эч нерсе жок болуп чыккан. Ошондой эле атасынын жергиликтүү Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мүчөсү экендигин тастыктаган көбөлүк да табылган. Иликтөө иштеринин алкагында сүрөттөгү жигитке жана анын атасына эскертүү берилген. Эгер ал эскертүүлөр бузулса, анда аларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодекси боюнча тиешелүү кылмыш иши козголмокчу”,- дейт Б.Сейитов.
Маалыматка ылайык, тапанчаны мыйзамсыз көтөрүп жүргөн жарандын туугандырынын баары текшерүүгө алынган. Аларга карата да эскертүү берилип, ал тапанчаны алган жерге тапшыруу же мыйзам чегинде ага тиешелүү документ алуу тапшырылды.
“Курал-жаракты башка бирөөгө берүүгө болбойт. Тапанча менен сүрөткө түшүп, аны коомчулукка, социалдык түйүндөргө таратууга да болбойт. Себеби антип сүрөткө түшүү же куралды көчөдө алып жүрүү башка жарандарга карата кандайдыр бир коркунуч алып келиши толук ыктымал”,- деп кошумчалайт Б.Сейитов.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында сүрөттөгү тапанчанын кандайдыр бир кылмышка катыштыгы жок экени аныкталган.
Айта кетсек, өткөн аптада интенеттеги социалдык түйүндөрдүн биринде тапанча жана Жогорку Кеңештин күбөлүгүн кармаган сүрөтүн коомчулукка чыгарган жигитти издөө иштери жүрө баштаган.