Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде 200-орунга түшүп кетти
Кечээ 7-ноябрда ФИФА (Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясы) курама командалардын октябрь айы боюнча рейтингин жарыялады. Анда улуттук курама командабыз 2-орунга ылдыйлап, 200-орунга түшүп кеткени маалым болду. Эске салск, ФИФАга жалпысынан 207 өлкө мүчө. Рейтингди Испания курама командасы жетектеп келсе, мурунку СССР өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч Орусияга (9-орун) таандык.