Орусиянын Москва шаарында кыргыз мамлекетинин 24 жаштагы жараны
Өмүркул кызы Айзат 2015-жылдын 7-апрелинен бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу кыздын
Айтурган аттуу тууганы 14-апрелде
WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу
SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, Айзат 7-апрель күнү жумушуна кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.
"Бизден бөлүнүп, Чертанов метросу тарапта, башка батирде жашап жаткан. Жумушка чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин 2 күн мурун батир ээси эжеме телефон чалып билдириптир. Айзатты издеп шаардагы классташ курбуларынын баарынан сурап чыктык, эч кимиси көрбөгөнүн айтышты",- деди Айтурган.
Маалыматка таянсак, Айзат Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Күлүк-Дөбө айылында 1991-жылы туулган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.