Жаш дизайнер Кентон Ли буттун өлчөмүнө ылайык өзгөртүлө турган бут кийим ойлоп тапты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, мындай бут кийимди беш өлчөмгө чейин өзгөртсө болот жана эң аз дегенде беш жыл ичинде кийүүгө мүмкүн. Кентон Ли аталган бут кийимди ойлоп табуунун максаты байып кетүү эмес, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды бут кийим менен камсыздоо экенин билдирет.