Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн “Dushanbe Grand Prix 2026” эл аралык турниринде коло медаль утту.
Кыргызстандын Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын маалыматына ылайык, мелдеш 24–25-октябрь күндөрү Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) колдоосу астында өттү. Ага дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн 227 спортчу катышты.
Исмагомбетов 100 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, үчүнчү орунду ээледи.
Бул салмакта биринчи орунду орусиялык Владимир Досяк, экинчи орунду грузиялык Николоз Заалишвили ээледи. Коло медалдарды кыргызстандык Фадиль Исмагомбетов менен азербайжандык Давуд Намазли жеңип алышты.