Талас. Тамекинин калдыгынан 4 таңгак пахта өрттөндү
Талас облустук өрткө
каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн
башчысы Тилек Рыспеков 7-ноябрда Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан
павильондун алдындагы пахтанын өрттөнүп кеткенин билдирет. Тактап айтканда, 4 чоң
таңгак пахта өрттөнгөн. Өрткө каршы кызматынын кызматкерлери павильон ичиндеги
товарлары менен кошо өрттөнүп кетүүсүнө жеткирбей, өрттү өчүрүп калышкан. Өрт өчүрүлбөй
ташталган тамекиден улам чыккандыгы далилденди.