14-ноябрда Бишкектен Меккеге велосипед менен бара жаткан киши Казакстандын Актөбө облусундагы унаа жолунда жагымсыз абалга туш болду. Бул тууралуу Казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Актөбө-Астрахань унаа жолунда катуу шамал болуп, нөшөрлөп жамгыр жаагандыктан жолоочу велосипедин тээп жүрө албай, бир канча чакырым жолду жөө басып өтүүгө аргасыз болгон. Мындай көрүнүштү көргөн аймактык полиция кызматкерлери жолоочуну жалгыз калтырбай, жакынкы аймактагы мейманканага жеткиришти.
"Полиция кырдаалга кайдыгер караган жок. Жолоочуга керектүү жардамды көрсөтүп, лагерге чейин аман-эсен узатты. Бул окуя дагы бир жолу полиция кызматкеринин иши мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу менен гана чектелбестигин көрсөтүп турат. Ошондой эле аймактык полиция кызматкерлери адамдын жарандыгына жана улутуна карабастан, оор учурда ар дайым кам көрүүгө жана аны колдоого даяр",- деп билдиришти аймактык полициядан.
Айта кетсек, Актөбө облусунун Темир районунан Меккеге чейинки жол 4900-5400 чакырымды түзөт. Велосипед менен орточо ылдамдыкта бир жарым айдан эки жарым айга чейин убакыт кетет.