Биз социалдык тармакта

"Амазон" компаниясына спутник ташыган ракета абада жарылды (видео)

Кечээ, 15-ноябрда United Launch Alliance компаниясы "Vulcan Centaur" ракетасы "Amazon" үчүн спутниктерди орбитага чыгаруу учурунда кырсыкка кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык, ракетанын бортунда компаниянын интернет долбоору үчүн болжол менен 40 спутник болгон. Бул долбоор "Starlink" тармагына атаандаш болушу керек эле. Кырсык "Amazon" компаниясынын спутниктик интернет тармагын ишке киргизүү мөөнөтүнө таасир этиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, кырсыкка бир күн калганда SpaceX компаниясы Starship кемесин сыноо учуусунан кийин биринчи жолу старттык мунаранын жардамы менен ийгиликтүү кармап алган.

Амазон компаниясынын ракетасы жарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан