Бишкектеги Кыргыз улуттук агрардык университетинин аймагында медициналык калдыктарды туура эмес жайгаштыруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Муниципалдык инспекциядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда уруксат берилбеген жерге ыргытылган колдонулган шприцтер, пробиркалар жана башка кооптуу калдыктар табылды.
"Бул көрүнүш адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жаратат. Аталган факт боюнча административдик протокол түзүлүп, окуу жайдын жетекчилигине мыйзам бузууларды үч күндүн ичинде жоюу тапшырмасы берилди. Ошондой эле мекеменин кызматкерлерине санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү",- деп кошумчалады мекеме.