Токтогул районунун Комсомол айылында мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жеке ишкер Дайырбек уулу Улукбек 100 баш саан уйга ылайыкталган заманбап ферманын курулушун жүргүзүп, учурда жумуштардын 80 пайызы аяктады.
"Ишкер жаз айларында Чехиядан сүт багытындагы асыл тукум уйларды алып келип, ар бир уйдан күнүнө орточо 20 литрден кем эмес сүт алууну пландоодо. Натыйжада ферма толук кубаттуулукта иштегенде күнүнө кеминде 2 миң литр сүт өндүрүлөт. Мындан тышкары, ферма ишке киргенден кийин, сүттү кайра иштетүүчү цех куруу пландалууда. Бул максатта, кошумча каржылоо тартуу боюнча "АБанк" менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Долбоор ишке ашса, жаңы жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү тургундарды сапаттуу сүт азыктары менен камсыздоого жана аймактын мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт",- деп кошумчалады мекеме.