Парламентте Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу акырына чыкты. Өкмөткө көз каранды фракция алып чыккан демилгенин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн кооптуу деп атоого болот, анткени 52 добуш - "макул", 39 добуш - "каршы". Акыркы, үчүнчү окуунун алдында эл өкүлдөрү эсине келишет деген үмүт бар.
Бир нече күн мурун Жогорку Кеңештин өкмөткө ылым санаган фракциялары Суу кодексине каршы тездетилген "чабуулун" баштаганы белгилүү. Шашылыш түрдө аталган мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе тармактык комитетте каралып, экинчи окуудан өттү. Көрүнүп тургандай, өкмөт жан талашып жатат, анткени тиешелүү өзгөртүүлөрдү каникулга кеткиче кабыл алуу тууралуу чиновниктердин канадалык “Центерра” компаниясына берген убадасы аткарылууга тийиш.
Маалыматка таянсак, буга чейин парламенттин депутаттарына жакшы эле басым жасалган. Бул үчүн өкмөт бир катар министрлерди түнү менен айрым депутаттарды бийликке керектүү добушту берүүгө көндүрүү үчүн кыдырууга мажбурлаган. Атүгүл аларды сатып алууга, коркутууга да баргандыктары тууралуу маалыматтар бар. Кыдыргандар айрым депутаттардын жеке жашоосуна чейин кийлигишип, балдарын, жакындарын окууга, ишке орноштурууга убада берип, көнбөгөндөрүн, тескерисинче, абалын кыйындата тургандыктарын айтканга чейин барышкан.
Мындан улам каршылык көрсөтпөй тургандары ооруп жатканына карабай төшөктөн туруп келип, добуш берүүгө аргасыз болсо, эки анжы болгондорду күтүүсүз командировкалар күткөн. Айрым эл өкүлдөрүнүн айткандарына караганда, Жогорку Кеңеште буга чейин мындай басым болуп көрбөптүр.
Көрүнүп тургандай, бийликтин аракети өз жемишин берди десек болот. Тиешелүү жыйынтык чыкты. Эми парламентти 1-июлга чейин аталган маселени кароого мажбурлап, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү үчүнчү окууда кабыл алып, мыйзамга статус алып берүү далалаты жасала тургандыгынан күмөн жок.
"Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам" деп кадыресе аталган документ иш жүзүндө республиканын экологиясын жана экономикасын кыйратууга алып келет. Анткени, жаңы талаптарга ылайык, фирманын өз кызыкчылыгы үчүн кен иштетүүдө (сөз канадалык “Центерра” компаниясы тууралуу) мөңгүлөрдү талкалап, кылмышка барышы мүмкүн.
Өкмөт жана анын сөзүн сүйлөгөн фракциялар парламентте республикадагы салыкты көп төлөгөн компаниянын жемиштүү ишине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү керектигине ишендирүүгө жан талашып, анын кесепеттери тууралуу ооз ачпаганга аракет кылышууда.
Бул арада парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон бир катар депутаттар “Центеррадан” түшкөн кирешенин көлөмү анчалык эместигин көзгө сайып көрсөтүп, өкмөттүн калпын бир нече жолу чыгарды. Албетте, бул уят-сыйытты жыйыштырган операция канадалык компаниянын жана бир катар жогорку жактагы чиновниктердин кызыкчылыгынан улам келип чыккандыгы түшүнүктүү эмеспи.