Бүгүн, 24-сентябрда Сауд Арабиянын Мина өрөөнүндө зыярат учурунда тебелендиде калып каза болгондордун арасында кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын бар же жок экени такталууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда тебелендиде калып каза болгондордун саны 310 адамга жеткенин Сауд Арабиянын Коопсуздук кызматына таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал эми жаракат алгандардын саны 450 адам экени айтылды.
Окуя бүгүн түшкө жакын Меккеден 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Мина өрөөнүндөгү Жамра көпүрөсүндө орун алган. Анда зыяратчылар шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүн аткарып жатышкан.Айта кетсек, учурда Сауд Арабиясында Кыргыз Республикасынын 4 миңден ашуун жараны ажылык милдетин аткарып жүрөт.