№50-СИЗОдо каза болгон Фархат Орозбек уулунун бир туугандары президенттен жардам сурап Ак үй алдына митингге чыгышты (фото)

Бүгүн, 29-октябрда түштөн кийин №50-СИЗОдо каза болгон Фархат Орозбек уулунун бир туугандары президент Алмазбек Атамбаевден жардам сурап Ак үй алдына митингге чыгышты. Алар абакта кызмат өтөп жатып каза болгон бир тууганы Фархатка "Баатыр" наамын берүүнү өтүнүшүүдө. Ошондой эле материалдык жактан да жардам көрсөтүүнү суранышууда.

Анын бир тууган агасы Максат Өмүровдун айтымында, инисинин 5 айлык наристеси калган. "Инимдин келинчеги менен 5 айлык наристеси калган, эми аларды багыш керек да. Ошондуктан президенттен материалдык жардам берүүнү суранып жатабыз, себеби ал кызмат учурунда кылмышкерлердин огунан каза болду. Ошондой эле "Баатыр" наамын берүүнү талап кылабыз",- деди Өмүров.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
aiwa1990
2015-10-29 20:33:06
Наамды берсе жарашпай калатго менимче. А баласына жубайына материалдык жардам берилиши шарт. Баарына бирдей караныз Урматтуу Алмазбек Атамбаев!
+2
elgiz0890
2015-10-29 20:41:25
бээ куно кызматкелер сасык саятынар мн курман болуп жатышат эй бок курсактар
+2
Shat.88
2015-10-29 21:05:54
Ушу кантип болсун уят беш баласы жетим калган жокко ошол бир чурпонуир туугандары калкалап алса болот да мамлекеттке доо артпай,бизде ушундай торосо деле олсо деле мамлекеттен сурана беришет уят бул экономикалык жактан онуккон мамлекет эмеспиз чет олколордой .
+2
Gema
2015-10-29 21:19:06
Материалдык жардам беришсе болмок.
+2
Sake80
2015-10-29 21:20:39
Ошо олгон учоонун бироосу ачып берген да эшикти.Андан мурда деле ачып берип журушкон деп уккам.Анан ошону чукубасын деп митинге чыгып алышыптырда
0
Truelensk
2015-10-29 21:24:34
Баатырдын эмне кереги бар,акчалай жардам бериш керек.наристе менен энесине уй алып бериш керек.сурагандан эмнеге уялмак эле доолаш керек,болбосо бир тыйын бербейт.
+1
advokat.nur
2015-10-29 21:37:40
баатырды олгондон кийин эмне кылат.адам катары боорум ооруп жатат, бирок ал баатырлыкка таатый турган эрдик корсотподу деле.материалдык жардамды окмот созсуз турдо бериш керек.Агасы бар экен мамлекетти карап олтурбай озу деле жардам бербейби.Эр жигиттин иши эмес бул.
0
zhykyo
2015-10-29 21:59:12
Баатырдын деле кереги жокко ,акчалай жардам берип коюшса жакшы болмок .
+1
Batma.Sh
2015-10-29 22:30:51
Туура баарына тең караш керек!
0
kake90
2015-10-30 08:48:29
Жардам бериш керек ле качан оздору суранбайьнча тылтьйьп журо бербей чонтоко урбай алть айльк наристеге ургула акчань чондор
0
sevgilim
2015-10-30 09:50:49
Ээх бийлик бийлик.. Суратпай эле ойлонсонор болмок. Шайлоого жакын калганда миллиондогон акчаларын чачып ары бери чуркап жургондор ушундайда берешендигин корсотушпойбу. Билмексен болуп кылтыйып жата бербейт. Фархат байке он гулунун бир гулу ачылбай кете берди. Жаныдан гана турмуш жолуна аттанып, бала жытын эми гана жыттаганда. Аллахтын буйругу экен. Журогубузду сыздатып кете берди. Кой оозунан чоп албаган бала эле. Аллахым бейишинен орун берсин.
0
Добрый
2015-10-30 10:35:25
Материалдык жардам берилиш керек мамлекет учун курман болдуда
0
Sandrana
2015-10-30 11:05:11
Сариев байкенер айтып жаткан элего кайтыш болгон милиция кызматкерлердин уйбулосуно материалдык жардам беребиз деп,ээми артынан мынтип жардам сурап реклама болуп жатканына кантип бети кызарбай олтурушат бийликте?акчалай жардам берсин!
0
seni.gana
2015-10-30 16:55:05
Жаткан жерлери жайлуу болсун, балдары олкобузго пайдасы тийиген адамдардан болуп чонойсун... Албетте материалдык жардам берилиши керек жабыр тарткан ар бир уй булого.
0
Aitunuk
2015-10-31 23:15:48
Сөөгү жерге берилгенине аз эле убакыт болду го. Пособие кызы 18 жашка чыкканча, студент болуп калса, 22 жашка чыкканча берилет, митингсиз эле. Баатырлыкты кайсы эрдиги үчүн бериш керек, террористтер кандайча качып кеткени териштирилип бүтө электе. Кармоодо каза болгон орган жигити операция учурунда каза болду. Экөөнүн өлүмүнүн себеби эки башка. Карөзгөйлүктүн да чеги болсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан