"Республика-Ата Журт" акыйкатчы кызмат ордуна Рита Карасартованы сунуштады

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 21-декабрда өткөн жыйынында Кыргыз Республиксынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна талапкер тандоо маселеси каралды. Фракция мүчөлөрү Рита Карасартованын талапкерлигин парламенттин кароосуна сунуш кылууга толук макул болушту.

Эске салсак, 10-декабрда Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайланбай калган. Анда фракциялар тарабынан сунушталган бир дагы талапкер жетиштүү добуш топтой алган эмес. Ошондон улам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуунун жол-жоболору башталганын жарыялаган. Андан бери аталган кызмат ордуна документ тапшыргандардын саны 35ке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан