"Пара талап кылды" деген шылтоо менен 60 жаштан өткөн адамды 12 оперкызматкери колго түшүргөнү акылга сыйбаган нерсе. Анын иш бөлмөсүндө 1 сааттан ашык убакыт ызы-чуу болуп, ал кыйналып жатып көз жумган". Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта каза болгон кызматкердин тууганы Микрам Ташбеков билдирди.
“Тууганым каза болуп калганда милиция кызматкерлери келишкен, ошондон кийин анын иш бөлмөсүнөн көптөгөн буюмдар жоголуп кеткен. Алар менин тууганымды 1 сааттан ашык убакыт кыйнашкан. Ошондон улам ал жүрөгү чыдабай каза болуп калган, менде далилдер бар.
Менин тууганымды өлтүргөн коррупция менен күрөшкөн кызматкерлер 30 жашка чыкпай кайдагы акчасына кымбат баалуу жол тандабастарды айдап жүрүшөт? Алар балдарын айлык акыларына 3 миң долларлык мектеп, бала бакчаларга берип жатышабы? Бул коррупция менен күрөшкөндөр өздөрү коррупцияны жайылтып жатышат”,- деди Ташбеков.