Өзгөндө 17 жаштагы кызды мууздаган жигит жубайы тууралуу "кыз эмес тийген" деп ушак тараткан кыздан өч алган

Ош облусунда 17 жаштагы кызды мууздаган жигит анын жаңы үйлөнгөн жубайы тууралуу "кыз эмес тийген" деп ушак тараткандыгы үчүн өч алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Окуя 7-март күнү Өзгөн шаарына караштуу Черёмушки кичи районундагы үйлөрдүн биринде болгон. Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү катары 2 жаран кармалды. Кызды мууздаган 24 жаштагы жигит жакында эле үйлөнгөн экен. Анын жубайынын 17 жаштагы курбусу эл арасында "ал кыз эмес тийген" деп ушак таратканы үчүн андан ушундай жол менен өч алгандыгы белгилүү болду",- деди Ашырбаев.

Маалыматка ылайык, мууздалып, канжалап жаткан 17 жаштагы кыздын жансыз денесин бөлмөсүнөн саат 06:05 чамасында атасы көргөн. Кылмышка шектүү жана аны коштоп барган жигит терезе аркылуу кирип, кызды мууздап кетишкен.

Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун "жигит сөйкө салып койгон кызы башка менен сүйлөшүп жүргөнүн билип калып, кызды үйүнөн мууздап кетти" деген маалыматты билдирген эле. Аталган аймакта окуянын башка версиялары да айтылууда. Ал эми расмий органдын маалыматы жогорудагыдай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Rednalf
2016-03-09 11:11:01
Кыргыз ушак таратмайынча жашай алчу беле.Ага ишенген адам андан да акмак.Башталса акыр заман Кыргызстандан башталат.
-1
mirlan15
2016-03-09 11:37:19
Rednalf,сага кошулам!
-1
Beck_13
2016-03-09 21:29:07
Rednalf, кыжаалат ХХХ ХХХ ХХХ...
0
kama_future_millioner
2016-03-09 11:18:49
Кудай сакта
0
beben
2016-03-09 11:29:21
Ушул жашка келип кой мууздагандан корком. А башкалар адамды... эх окунучтуу.
+2
Ebik
2016-03-09 11:42:22
Тилден мудурулсон турбайсын деген ошол да
0
Inna_91
2016-03-09 11:56:43
Мен козум менен коргомун тоокту союп жатканда жаны чыкыча тыпырчылайт экен мыккачы кантип колу барды. Тоокту сойгонго чейн колум бутуп калтырап калат эле
+1
DUNI
2016-03-09 12:20:38
Аялы озуно ак болсо болдуда,башкасынын ою кызыктырбай койсо деле болмок. Озуно эле кыйын эми турмодо чирийт,""аялы башкага тиет..
+1
admin_portal
2016-03-09 12:29:17
Decmond,
Бул кабар Ош облусунун ички иштер башкармалыгы берген маалымат боюнча жазылды.
Буга чейин SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун маалымат берген эле.
0
tavanova.sarah
2016-03-09 12:44:50
Неси болсода "миш-миш" таркаткан адам чон кунокор болду. Баарынын алдында жооп берет эми …
+1
aytunuk
2016-03-09 13:36:25
Бул да калп болуш керек кудай билет башка да версиясы чыгаар
0
Odik11
2016-03-09 14:16:52
Туугандардан булар, о кеткен соц желеде суроту менен журот, экоон тен сразу эле кармаган.
0
jibew
2016-03-09 17:42:00
Odik11,табышмактатып суйлопсунор, ошондо озбектерби олтургону да олгону да?
+1
Meruet84
2016-03-09 14:25:08
.....
Жакында эле болду бул окуя.
Аллах баарыбызды ар кандай балээден сактасын.
0
lolo.1
2016-03-09 15:09:30
Жаш кыз суйлоп коюптурда ойлонбой курбусу болсо айыбын жаап жашырбайбы. Кыздардын(аялдардын)достугу жок озу анын ордуна ичи тардык коро албастык бар. Кыз абийри менен тийбе же жокбу анын иши эмне эле же курбусунун кыздыгын алды беле.
0
lolo.1
2016-03-09 15:14:59
Эмне болду эми кайран жап жаш омур кыйрады ал олуп эле тынып калган жок артында апасычы?(((( билбейсин не деп жазышты да.... Кудай сактасын тобаа кылдым. тиги жаны уйлонгондорчу?каяка кетти таттуу жашоо?жаны келин кайра торкунго барабы?((эмне деген жашоо
+3
ediko85
2016-03-09 18:34:05
Кыз эмес деп айтса мууздап койбой ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2016-03-09 19:03:56
ediko85 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
admin_portal
2016-03-10 11:04:42
Beck_13 - 15 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан