"Бишкектеги №42-мектептин ичинде жардыруучу зат бар" деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 10-март күнү милиция кызматкерлерине аталган мектепте жардыруучу зат бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Мектептин ичиндеги окуучулардын баары сыртка чыгарылгандан кийин текшерүү жүргүзүлүп, эч кандай жарылуучу зат жок экени аныкталды.