Бүгүн, 11-мартта Франциянын борбору Париж шаарынын аймагында террорчулар жергиликтүү лицейлердин бирин басып алышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, окуу жайдын аймагында жарылуу болгон: террорчу бомба менен өзүн өзү жардырган. "Учурда окуу жайдын айланасы полициянын курчоосунда. Бул окуя тууралуу маалыматтар интернеттеги социалдык тармактарда да жарыяланууда",- деп жазышат басылмалар.