Борбордогу "Ош базарында" жайгашкан акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет кылып, ок чыгарган 2 жаранды издөө иштери жүрүүдө. Маалыматты бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар ырасташты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 08:30 чамасында Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайдын жанында болгон. Анда акча алмаштыруучу жайга акча алып келаткан кассирлерге жана аларды коштоп келаткан күзөтчүлөргө 2 белгисиз адам тарабынан кол салуу болгон. Тоноого аракет кылган 2 жигит ок чыгарып, күзөтчүлөрдүн бири колунан жаракат алган, экинчи тараптан да ок чыгаруу болуп, тоноого аракет кылгандар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Учурда Ленин РИИБинин кызматкерлери тоноого аракет кылгандарды издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, акча алмаштыруучу жайга кол салгандар кыргыз жигиттери болгон.