13-мартта Түркиянын борбору Анкара шаарында жардыруу орун алды. Кечке жуук болгон жардыруудан кеминде 34 кишинин өмүрү кыйылып, 125ке жакын адам жаракат алып, анын ичинен 19 адамдын абалы оор экенин түркиялык ММКлар жарыялоодо. Ошондой эле жардыруудан бир нече унаа өрттөнүп кеткени айтылды. Учурда полиция ал аймакты толугу менен курчоого алып, жардыруунун себебин аныктоо аракетин көрүүдө.
Эскерте кетсек, 17-февралда да Анкара шаарында катуу жардыруу болгон. Анда 30дай адам каза болуп, 60тай адам жаракат алган.