100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Кылычбек Арпачиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Арпачиевдин ишин карап, “кызмат абалынан пайдалануу” беренеси боюнча актады. Ал эми “пара талап кылуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылды.
Айта кетсек, 2015-жылдын 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.