Москвадагы өрт: "Ушунун баары өлкөбүздөгү коррупционерлердин айынан" дейт Москвадагы өрттөн жакынын жоготкон кыз

Кечээ, 27-августта Москва шаарындагы басмаканада өрт чыгып, анда мекендештерибиз да каза болушту. Окуя болгон жерге маркумдардын туугандары, жакындары барышкан. Алардын күйүтүн чагылдырган видеолор, сүрөттөр интернет ааламын каптоодо. Бул видео да ошолордун бири. Анда жакынын жоготкон кыз ыйлап, өрт өчүрүү кызматкерлери тиешелүү деңгээлде аракет көрүшпөгөнүн, бул окуяда Кыргыз Республикасындагы коррупционерлердин да күнөөсү бар экенин айтат.

"Ал кыз 16-18 гана жашта болчу. Өрт өчүрүүчүлөр бир нече сааттан бери аларды алып чыга элек. Аякта дагы канча адам бар. Эмнеге бул оор?! Алар келип күйүп жаткан имаратты жөн эле карап турушту. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Буга ким жооп берет? Мунун баары өлкөбүздөгү коррупционерлердин айынан! Эгер биздин өлкөбүздө баары жайында болсо, биз бул жакка келбейт болчубуз. Биз мекенибизде жашап-иштемекпиз, минтип азап чегип жүрбөйт болчубуз!" - деп ачууланып ыйлайт видеодогу кыргыз кыз.

"Мунун баары коррупционерлердин айынан!" дейт Москвадагы кыргыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
bema19.86
2016-08-28 14:46:28
Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам. Качан кыргызстан онолот же жоголобу деген кана суроо туулат жашоо жакшы болсо ушинтип ар кайсы жерде кордолуп кыйналбай кетпейт белек оз мекенибизге буга ким куноолу и ким жооп берет?
+6
Mercedes202
2016-08-28 14:49:32
Жаны президент ким болот Атамбаев кетсе? Бизде татыктуу эч ким жок.
-9
Guli000
2016-08-28 15:26:47
Mercedes202,Мэлис Мырзакматов
+3
moskoy
2016-08-28 17:01:07
Guli000,Мырзакматовун коррупционер номер 1.
+3
daniar781121
2016-08-28 15:25:04
татыктуу призидент жок дегендерге тан калам.емне калганы манкуртпу ошондо.толтура кыргызда ер азаматар.
+7
Kroxa
2016-08-28 15:31:56
Кайсыл элде кор тутушса зайыпты ошол элдин уулуна кой айыпты,,,
+3
Nurdaulet
2016-08-28 15:33:24
Биздин коррупционерлердин кыздары ушинтип куйуп кетсе корот элем!байкуш карапайым калкка эле жаман Кайран кыргызымдын кыздары!жандары жаннаттан болсун
+9
Mers124
2016-08-28 16:08:30
Эл менен елдин, эгемендүүлүк менен егемендүүлүктүн айырмасын билип, мектептен жакшы окуганда оңолмокпуз.
+1
boston___
2016-08-28 17:30:55
Мунун баарына шайлоодогу 500 ,1000 сомдуктар кунолуу 500 , 1000 алам деп тагдырды и мамлекетти талкалап жатабыз неге негее булжагын узбектер тортта салдаты келсе эчтеке кылалбаса тушунбой калдым биздин балдарды кандай жашоо кутуп жатканын келечекте
+4
alhamdu
2016-08-28 17:40:00
Бул кыздын куйуп бышып суйлогонун коруп кошулуп ыйладым чын эле жашоо шарт жакшы болсо кыргызстандале журмокпуз(((
Жайлары жанаттан болсун,жакындарына сабыр берсин...
+4
vangolu
2016-08-28 21:38:32
alhamdu,человек кузнец своего счастья дейт.озуно озун жакшы шарт тузо албагандан кийин зачем бироого наалып
-7
alhamdu
2016-08-29 19:42:40
vangolu,ошо озубузго озубуз шарт тузобуз деп ушинтип журобуз да ар кайсы жерде
+2
Nurkyz1977
2016-08-28 19:33:50
Коррупция бийликте эле эмес карапайым элде озубуздо болуп жатат эл озу кондурду же калппы жон эле соз менен айтканда ооруканага барсан мисалы рентгене очеред кутуп турсан ошол жерде эл катары очеред кутпой кире калып акча бере коюушуп без очеред киришет билип турасын буга окшогондор коп айта берсе биринчи озубузду тарбиялашыбыз керек. И. Разаков айткандай "сен таза болсон мен таза болсом коом да таза болот",-дегендей. Эмне болсо эле бийликти айта калбай озунордун айлананарды коз жугурт
+7
OSHO
2016-08-28 21:54:43
Nurkyz1977, Туура
"Разруха не в клозетах, а в головах"(Булгаков)
Алты санын аманбы, КР деле жумуш тапса болот.Ооба, маянасы аз, бирок ошого топук кылып жаша б-т. Жок, бизге кур намыстын артынан той-топур,кымбат машина, телефон.....
-5
vangolu
2016-08-28 21:33:59
бул кыз суйлойт десе эле камера алдында суйлой бериптир.ХХХ ХХХ окмотко догурунбай кел мекенине китеп оку.билим ал темселебей.интеллектинди жогорулат.пожарниктерди придурки дептир.
-9
incognito1
2016-08-28 21:51:27
vangolu, ХХХ ХХХ Корот элем сенинин интеллектинди эгер сенин коз алдында, жакын синдилерин, бирге иштеген курбуларын тирилой куйуп жатса, пожарные эч нерсе кылбай карап турушса.
+5
honey.ka
2016-08-29 03:39:50
incognito1,+++++
-3
Revolyutsiya
2016-08-28 23:29:44
vangolu,сен багасынбы? Кыргызстанда билим алып бир эмес 2-3 диплому барлар журот жумуш таппай, тапса да маянасы жарытпай...

Менимче сен озун интеллектинди жогорулатышын керек, хотя поезд кетиптир, сен ушул Арзыматтыгындан жазбайсын го...
+2
Sagy
2016-08-29 08:09:49
Revolyutsiya, Кыргызстанда дипломго эч ким ишенбейт. Бизде жумуштун мвйын чыгара жасаган адис талап кылынат. Эгер ошондой адис болсо келсинчи мага, озум ага жакшы жумуш таап берейин. Просто бизде дипломду сатып алып эле жумуш жок дей берет. Оздору коррупция башташат.
Колунан к... да келбейгенден кийин дипломду не кылат? Шугур дейли Кудайга. Кыргызстанда эле жашап, бутка тургандар толтура. Чонураак ачалы козду.
+1
chopAA
2016-08-29 19:27:30
Sagy,Туура,
өзүндөгу кемчилик, жалкоолук, сабатсыздыкты жойюнун ордуна ар кимге жоопкерчиликти илип коюш өңой
-2
incognito1
2016-08-28 22:51:56
Алмаш Камчыбекованын суротторун коруп, аябай ичим ачышты.(( Бул жерде аларды акылы жок, Кыргызстанда деле иштеп акча тапса болот деген акылдууларга айтат элем. Окмотту куноологон бизди сабатсыз, билимсиз, акылсыз деп вы можете оскорблять сколько влезет. Бирок ошол чырактай кыздардын арбагын сыйлап, жон эле жакындарына конул айтып койуу колунардан келбесе, ал кыздардын дарагине эчнерсе жазбай эле койгулачы, сураныч.
+7
Bema50000
2016-08-28 22:54:15
Муну кырсык дейт. Окмот кунолу болгондой, силерди россияга барып иштегиле деп жумуш бербей койдубу? Аз маяна алгынар келей кетип атасынар, Бийликте иштебей эле буттан тургандар толтура, жашсынарбы ХХХ ХХХ мекенинерде иштегиле, эрге тийе элек жатып россияга эмнеге темселеп кетесинер. Силерди жиберип аткан ата эненерге соз жок. Жап жаш кыздар ХХХ,ХХХ ХХХ, бугада окмот кунолубу,аз акча алгынар келбей кеттинерде асманды энсеп.
-9
incognito1
2016-08-28 23:06:16
Bema50000, сытый голодного не разумеет деп койот беле.
-2
Revolyutsiya
2016-08-28 23:33:38
Bema50000, Куйоосу менен кеткендерге не дейсин. Аялы-Куйоосу биригип Кыргызстанда 20-30 мин сом тапса, аны менен уй-булосун багабы же там салабы? Кыргызстанда адал эмгеги менен там салуу кыйын болгону учун баары тентип журот да. ХХХ ХХХ ХХХ.
+4
KUMU89
2016-08-29 06:23:16
Bema50000,ХХХ ХХХ ХХХ акча толопместаны алып, тааныш, туугандын кучу мн ишке кирип. Кызыл диплом мн буткон чынчыл адамдарга места калбай жатат. Ойногонунан жургон жок бул жерде. Бийлигин куноолу болсо айтатда. ХХХ ХХХ
-1
Sagy
2016-08-29 08:10:33
Bema50000,молодес!
-1
Nurzatka94
2016-08-29 01:27:22
Эч ким Москвага жыргагандан келген жок да,
+2
zzari-83
2016-08-29 06:10:18
Өтө кайгылуу окуя болду чындыгында.Бул кызда күйгөнүнөн айтып жатат да.Жогорудагы кее бир никтер жакшы сөзүңөр болбосо унчукпай чыккылачы.Кайдагы интеллекти сүйлөбөй."Ириген ооздон чириген сөз чыгат "болбой.Жан дүйнөсү караңгы,жүрөгү таш деп силерди айтыш керек.Бүтүн кыргыздын кайгысын оюн көргөн "акылдуулар"
Ууф жүрөгүм ооруп кетти....(((?
+2
Sagy
2016-08-29 08:17:54
Тиги кунолуу, бул кунолуу дей бербей Аллахтан кечирим сурагыла. Бул дуйнодо баары Аллахтан болот. Бироонун башына тушкон таш - сенин башына тушпойт, эгер Аллах каалабаса. Намаз окуп, ыйман келтиргиле. Ата - энесине ызаа болуп жатса, биз кок мээ, акылсынган деген создор менен урушканыбыз туура эмес. Эч ким кунолуу эмес. Аллах ушуну каалады, Аллах жасады. Бугун аза кутуу кунундо даарат алып, баарыбыз куран окуп койсок жакшы болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан