Социалдык тармактарда "Чүйдүн талааларын чегиртке каптап кетти" деген аталышта видео тарап жатат. Аталган видео тасма Чүй облусунун Бурана айылында тартылгандыгы айтылган.
Автор чегирткелерге тезинен чара көрүлбөсө, эгин талааларына да жетип барарын эскертип өткөн.
"Чегирткеден жердин бети көрүнбөйт. Буга тезинен чара көрбөсөңүздөр, эгин талааларын каптап кетет. Бул жерде өтө эле көп экен, азырынча эгин талааларына кире элек", - деген ал.
Белгилей кетсек, кечээ, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков сугат суу тартыштыгы жана талаадагы чегирткелер боюнча маселе көтөрүп, чечүү жолдорун эртелетиш керектигин айтты.