Өзбекстандын өкмөтү президент Ислам Каримовдун каза тапканын жарыялады. Бул тууралуу расмий маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.
"Биздин урматтуу президентибиздин суранычы менен ал туулган жери Самаркандда мусулман салтына ылайык жерге берилет. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-сентябрда өтөт", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 27-августта Өзбекстандын 78 жаштагы президенти Ислам Каримов ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Өкмөттөгү булактарына таянып өзбек оппозициясы: "Каримов Дурмень резиденциясында өткөн кечеде аракты көп ичип алгандыктан, эс-учун жоготуп жыгылып кеткен. Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган. 29-августта "Фергананьюс" басылмасы өзбек лидеринин өлүмү тууралуу жазып чыккан. Бирок Өзбекстандын бийлиги бул тууралуу "Каримов өлгөн эмес, анын абалы туруктуу" деп билдирген эле. Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн өкмөтү анын ден соолугу кескин начарлап кеткенин жарыялаган. Ошондой эле бүгүн Каримовдун кичи мекени Самаркандда аны жерге берүүгө даярдануу иштери жүрүп жатканы маалымдалган.
Каримов Ислам Абдуганиевич 1938-жылы 30-январда Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1989-жылы Өзбекстандын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты ээлеп келген.