Өзбекстан бийлиги Юлдуз Усманова баштаган артисттерге салынган тыюуну жокко чыгарды

Өзбекстандын бийлиги Шерали Жураев, Юлдуз Усманова, Обид Асомов баштаган артисттерге президент Ислам Каримовдун тушунда коюлган тыюуну жокко чыгарды. Өзбекстандык ММКлардын маалыматына таянсак, мындай чечимден кийин ырчы Шерали Жураевдин үйүндө майрам уюштурулса, шоу-бизнес тармагын тескеген “Узбекнаво” эстрадалык бирикмесинин өкүлү жакшы жаңылык менен Усманованы куттуктап барганда, ырчы кубанычтан көзүнө жаш алган. Жураевдин Өзбекстандын чоң сахнасына чыгышына 1993-жылдан бери, Юлдуз Усмановага 2005-жылдан бери, Обид Асомовго 10 жылдан ашык убакыттан бери уруксат берилбей келгени айтылат маалыматта.

Ырчыларга эркиндик берүүнүн демилгечиси Өзбекстандын президентинин убактылуу милдетин аткаруучу Шавкат Мирзийоев экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ekaterinburg
2016-10-03 13:25:49
Бекер эле жокко чыгарып атышат.Такыр киргизбей коюш керек болчу шумшукту!Элдин кыжырына тийе турган жанылык!
+43
alina79
2016-10-03 14:35:23
ekaterinburg,Мага да жакпайт,"Кыргызстанды бир махалла (кыштак)катары кором дегенден кийин.Кезинде Кашкар Кыштак деген махаллага келип ырдап жургон эле.2005жыл болуш керек.Оштогу Ош-Нуру мейманканасына келип жайгашты.Артынан 8эркек 1аял киши ээрчип журот,эмне эле муну мынчасы кооруп журот деп жаман коргом.Анан массажистка керек дептир,4 поликлиникадан таптырып бергем.Кийин билсем аны Инамжан Абдрасулов Кашкар Кыштакка чакырыптыр,келип концерт коюп, канча мин долларын алып кеткен деп уккам.
+12
nemo2016
2016-10-03 13:46:56
Усманованы биздин бийлик сотго берсе болмок кыргыз Элин жамандаганы учун
+36
Rifle_S
2016-10-03 14:45:04
Азыр бийлик бошобой жатат. Биринин байлыгын бири чукулап жатышат.
+15
Isken.der
2016-10-03 13:48:38
Өзбекстанда көп өзгөрүүлөр болуп кетти бир ай ичинде. Кыргызстандыктарды коноктоп, түшкө кирбеген нерселер болуп атат. Кандай болсо да түбөлүк кошуна бойдон калабыз. Ошон үчүн алдыда шайлана турган президенти жакшы болсо бизге да пайда.
+26
Mr.enriiko
2016-10-03 14:06:11
Президент болгуча пиарда анан покажу вам деп туратго дейм
+16
alibekova94
2016-10-03 14:15:03
Муну киргизбей эле койсо боло, жон журбой эки элди уруштуруп журотко. Суротун алып салгыла жинди кайнатпай.
+12
Bekzamann
2016-10-03 18:15:50
Ислам Каримовду аябай сыйлаган адам экен .Мага лично Ислам Каримовдун чечимин жокко чыгарганы жакпады!
+5
MAN-CITY
2016-10-03 22:29:08
Сулейман олду доолор кутулду болуптурда.
+2
USSRKG
2016-10-04 01:06:50
Арстан олсо чоолорго майрам...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан