Бишкектин мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаев ("Өнүгүү-Прогресс") мэрди шайлоонун протоколдорун жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызы менен кайрылды. Анын айтымында, шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Алар:
1) Добуш берүү бүткөндөн кийин “макул” деген белгиден башка ар кандай чекиттер жана башка жазуулар түрүндөгү калем сап менен жазылган кошумча “белгилер” байкалган. Депутаттарга жашыруун жана эч кандай көзөмөлсүз добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок жана жогорудагы белгилер ар бир депутаттын эркине көзөмөл кылуу максатында жасалды.
2) Шайлоо күнү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендерге алдын ала атайын номер коюп чыгышкан. Кийин номер коюлган бюллетендер фракциялардын тизмелери менен берилген жана ар бирине жыйынтыгы белгилүү болгон. Добуштарды санап жатканда комиссиянын мүчөсү бюллетендин номерин жана добуш берүү белгисин угуза окуп берген. Добуш берүү аяктаганда айрым бюллетендерде эки талапкер үчүн тең “макул” деген белги болгон. Демек, мындай бюллетендер жокко чыгарылышы керек, бирок комиссия мүчөлөрү бул бюллетендерди жарактуу деп чечим чыгарышкан.
3) Шайлоо процессинде эсептөө комиссиясы депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнө шарт түзүп бериши керек эле, бирок комиссия атайын бул норманы бузду. Ал жакка орнотулган тосмо жашыруун добуш берүү кабинкасы болуп эсептелинбейт.
4) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мэрликке талапкерлерге шаар кеңешинин сессиясында өз программаларын айтып берүү мүмкүнчүлүгүн беришпей, экинчиден, депутаттарды талапкерлерге суроо берүү укугунан ажыратышты.
5) Мэриянын имаратынын алдындагы митинг талапкер Албек Ибраимовдун тарапташтары менен депутаттарга түздөн-түз басым жасоо максатында уюштурулган. Митингчилер жөн гана турбастан, отурум өтчү жайдын алдында үн күчөткүч жана колонкалардын жардамы менен “Ибраимов!” деп кыйкырып турушту.
Айта кетсек, 11-январда Бишкек мэрин шайлоо өтүп, анда Албек Ибраимов жеңишке жеткен. Ал 29 добуш топтогон. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болгон. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берген.