Азия Кубогуна чыгуу үчүн улуттук курама команда Индия, Мьянма жана Макао менен ойнойт

2019-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында улуттук курама команданын атаандаштары белгилүү болду. 23-январда Абу-Даби шаарында чүчү кулак ташталып, анда 24 команда 6 тайпага бөлүндү. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасы “А” тайпасына бөлүнүп, атаандаштары Индия, Мьянма жана Макао командалары болду.

Эске салсак, тандап алуу оюндарында тайпадан алдынкы 1-2-орунду алган командалар 2019-жылы БАЭде өтө турган финалдык баскычка чыгышат.

Тайпалар тизмеси:

"А" тайпасы: Кыргыз Республикасы, Индия, Мьянма, Макао.

"В" тайпасы: Түндүк Корея, Гонконг, Ливан, Малайзия.

"С" тайпасы: Иордания, Вьетнам, Ооганстан, Камбоджа.

"D" тайпасы: Оман, Палестина, Мальдив аралдары, Бутан.

"Е" тайпасы: Бахрейн, Түркмөнстан, Тайбэй, Сингапур.

"F" тайпасы: Филиппин аралдары, Тажикстан, Йемен, Непал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aitbek.06
2017-01-24 09:43:06
Ийгиликтерди каалайбыз! Ак Шумкар алгаа!!!
0
danik0101
2017-01-24 09:49:58
Буюрса 2019 Азия чемпиондугунда Кыргызстанды коробуз!
+4
roklait
2017-01-24 10:17:47
Тандап алуу оюну качан болот экен?
0
admin_portal
2017-01-24 10:49:50
roklait, саламатсызбы? http://www.super.kg/kabar/news/173757/
0
R_u_S
2017-01-24 14:19:06
"А" тайпасындагы атаандаштарыбыздын рейтинги боюнча маалымат берип коюңуздарчы.
0
Maks_shop
2017-01-24 15:54:53
Кыргызстан баарын эзет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан