27-августтан тарта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунун кассасында футбол боюнча 2019-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюнунун алкагындагы Кыргыз өлкөсү - Мьянма беттешине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, билеттердин баасы 250 сомдон 500 сомго чейин түзөт.
Кыргыз улуттук курама командасы "А" тайпасында Индия, Макао жана Мьянма курамалары менен бирге жайгашкан. Анда 1-орунда Индия 6 упай менен, 2-орунда Мьянма 3 упай менен жана 3-орунда Кыргыз өлкөсү 3 упай менен. Ал эми 4-орундагы Макаодо упай жок.
Кыргыз улуттук курама командасы Бишкекте Макао менен ойноп 1:0 эсеби менен жеңсе, конокто Индия курамасы менен ойноп 0:1 эсеби менен жеңилип калган.
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү - Мьянма беттеши 5-сентябрда саат 20:00дө башталат.