Азия Кубогунун тандап алуу оюнунун алкагында өтө турган Индия-Кыргыз беттешин япониялык калыстар тейлейт. Футбол федерациясы билдиргендей, ФИФА калысы Ямамото Юдаи аталган оюндун башкы калысы болот. Анын жардамчылары катары Наги Тошиюки жана Очи Шинжи болушмакчы. Резервдеги рефери кызматын Мальдив аралдарынын өкүлү Жавиз Мохамед аркалайт.
Белгилей кетсек, Индия-Кыргыз беттеши Бенгалор шаарында 13-июнда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 20:30да башталат.