"Себат" окуу жайынын аталышы өзгөртүлөт

Өкмөт Билим берүү жана илим министрлигин "Себат" окуу жайынын түзүүчүлөрүнүн катарына киргизүү чечимин чыгарган. Бул тууралуу министрдин орун басары Кудайберди Кожобеков билдирди.

"Учурда "Себаттын" жаңы уставынын долбоору иштелди, ал жакын арада юстиция органдарына каттоого жиберилет. Окуу жайдын түзүүчүлөрүн өзгөртүүдөн тышкары анын аталышын өзгөртүү пландалууда", - деген Кожобеков.

Аталган билим берүү мекемесине өлкө боюнча 16 лицей, "Ататүрк-Ала-Тоо" университети жана "Silk Road" Эл аралык мектеби, 3 орто мектеп, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы жатаканалары кирет. Окугандардын саны жалпысынан 12 043тү түзөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, "Себаттын" билим берүү системинде өз орду бар. Анын окутуучу программалары мамлекеттик стандарттарга жооп берет.

Эскерте кетсек, Стамбулдун прокуратурасы "Ататүрк-Ала-Тоо" университетин террордук идеяларды жайылтуучу уюмдардын тизмесине кошкон.

Университеттин ректору Осман Гокалптын айтымында, окуу жайда 2022 кыргыз окуйт.

"Университет 23 программа боюнча билим берүү лицензиясына ээ. Мугалимдердин 83 пайызы Кыргыз жарандары. "Ататүрк-Ала-Тоо" университети "Себат" билим берүү мекемесине кирет", - деп белгиледи ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Seiil.94
2017-02-05 11:47:07
Оруска караганда турктор жакын бизге
-5
bosmos777
2017-02-05 12:01:12
Seiil.94,турктун жузу, эки жуздуу! Оздорун кожоюн улуу ата турк жана Кыргыздар суусаап коргон. Сулаймандын урпактарыбыз деп. Оздорунун мурдуларын жогору которуп журушот. Аларга Эч Ким жакын эмес. Алардын саясаты Оздорунун Элин отурукташуу жана алар учун ошол олкодо шарт тузуу болуп саналат. Булар жашаган мамлекетерде турктордун кылган жумуштарын карап корунуз.Германия жана Америкада. Буларсыз жашоого убакыт келип жетти. Булар бизди башкарууга оттуу
+5
mikoo
2017-02-05 12:20:22
Жабыш керек го лицейлерди.
+6
Erlan_95
2017-02-05 12:30:38
Олимпиядага кобунчо турк лицейлердин балдары чыгышат.Бирок ошондой кучтуу окуу жайларды озубуз ачсак жакшы болот эле.
+13
Aytur
2017-02-05 12:43:24
Контракт кымбат болгон менен пара алышпайт ошондой татыктуу окутат.
Кыргыз ачса тааныш билиш тууган туушкандын баарын киргизет же анысы кыйратып окубайт. Анан пара менен кирет.оз кучу менен откондор 10 20 % гана болот.
+7
Zhoodarbek-myrza
2017-02-05 13:07:13
"Себаттын" билим берүү системинде өз орду бар. Анын окутуучу программалары мамлекеттик стандарттарга жооп берет эмес андан отот, колунардан келбеген нерсеге асылып эмне кыласынар. Балдарга шартты тузуп берсенер катардагы мектептен деле билим алат контракт толоп акча коротпой.
+3
omu
2017-02-05 13:10:54
Мен Себаттан бутургом. Бирок мен бир жерди жардырып жиберейин деген же бироолорду барымтага аламын же адам олтуройун деген оюмда да жок. Кудай сактасын!!!!
Турциянын бийлиги акыркы убакта Кыргызстанга коп "сайилмай" болду.
Акыбызды кечирбейбиз...
+5
Medina87
2017-02-05 13:15:37
Турк лицейи билим жагынан кучтуу сабактарды окутат. Менин эки жээн синдилерим окуду. Бироосу бутуп азыр котормочу болуп иштейт. Экинчиси 10-класста окуйт. Окуу программаларын корсон ОКСФОРДдун пограммамалары да киргизилген. Тил билсен дил билесин.
Жаман улут жок адамдар озубуз жакшы жаман жагына болунобуз.
+6
Sveta23
2017-02-05 13:35:43
мен балдарымы берейин деп жүрөм
0
Eksvp_1
2017-02-05 18:27:22
Кыргызстан кыргыздар үчүн!
0
Alaybars
2017-02-06 01:23:23
Urmattu tuugandar.!
Chubak ajy eki jyldan beri sayrap kele jatat. ''Alar shiyitter. Naarynda universitet achty, alar koboyup baratat,alar erten koboyup ketishse oto kech bolot, oshonun aldyn alaly''' dese echkim undoboyt go.Ushunday ele mekendi suysonor osholir jonundo nege masele kozgoboysunar? ! Ansyz dele turktordun plany litseydi kyrgyzdarga otkorup berip 2018de ech bir turk kalbayt ketet baary.Afrika olkolorundo litsey achyshat.
+1
Alaybars
2017-02-06 01:28:15
Bul jakty buturgindor mekenchil bolushat, adal mn aramdyn aiyrmasyn bilet.taza ishtep mekenge kyzmat kyla turgan' ''bychakka sap bolchu''adamdar tarbiyalanat
Albette besh kol ten emes. Balkim litseydin buturuuchulordon biroo ekoonu korgonsunor biraz tarbiyasy nachar... birok munu menen baardygyn jamandoo je turk ideologisayn uyronup'''kyrgyz''ekendigin unuttu desh akylga syibagan ish
+3
Alaybars
2017-02-06 01:29:44
Jana da pikir alyshuuda bir nerseni toluk bilip bilbey ele '''litseydi jabysh kerek. Turktor ozunun ideologiasyn uyrotup jatat' '''dep oylononuzfar
0
Alaybars
2017-02-06 01:32:08
Kaalagandar litseylerge baryp sabaktarga, ish charalarga katyshyp korgulo.Bul litseylerden biz bir gana payda korobuz
0
admin_portal
2017-02-06 10:44:58
nurbek11, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
0
mira77
2017-02-06 16:22:52
Менин кызым окуйт эч кандай террорист меррористи жок эле кобунчо кыргыз мугалимдер , бузук тилдерге айла жок экен да , Кыргызстандын мектептерине караганда тартип билим кучтуу англисче тапма так суйлошот. А жонокой мектепте мугалимдер жедеп карып пенсияга чыккпн сабак откусу келбеген кемпирлер отурат же заочный бутуп келген жаштар отурушат, балдар кыздарынар достойный билим алсын десенер акчасына карабай наоборот турк лицейден окуткула , ан сезиидери да жогору кыздарыбыз кудайга шугур эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан