Дональд Трамптын качкындар тууралуу буйругунун аткарылышы токтотулду

Вашингтон штатынын башкы прокурору Боб Фергюсон миграция саясаты үчүн президент Дональд Трампты, Ички коопсуздук министрлигин жана президенттин администрациясын Федералдык сотко берерин мекеменин расмий сайтына жарыялаган.

Ал ислам динин карманган 7 өлкөнүн тургундарына АКШга кирүүгө тыюу салган Трамптын буйругу Конституцияга туура келбесин таанууну талап кылууда. Анын ою боюнча, буйрук мыйзам алдындагы тең укуктуулук, динге ишенүү эркиндиги, адилеттүү соттук иликтөө жана иммиграция жөнүндө Америка Конституциясынын жоболоруна каршы келет.

Ошондой эле Фергюсон буйруктун аткарылышын токтотуу өтүнүчүн жиберген. Доо арызда Трамптын иш-аракети Вашингтондо үй-бүлөлөрдү бөлүп, миңдеген жашоочуларына зыян алып келгени, экономикага терс таасирин тийгизип жатканы жазылган.

Башкы прокурордун арызынан кийин Федералдык сот 4-февралда президенттин буйругунун аткарылышын токтоткон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда. Сот Вашингтон штатынын прокуратурасынын доо арызы каралмайынча буйрук күчүн жоготорун билдирген.

Мындан кийин америкалык визалык органдар жаңы буйруктан жокко чыгарылган визаларды калыбына келтире башташкан. Буйрук чыкканда 100 миңдей виза жокко чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
33SUUN
2017-02-05 17:09:07
Акчасы коптугунон эле президент болгон окшойт бул киши.Башы жакшы деле иштебеген сыяктуу.Мындай темпте копко узабайт ажолук иши.
+9
bek.94
2017-02-05 17:38:18
Жалан ката издемей экенда.
0
Mr.enriiko
2017-02-05 18:25:48
ха. ха Биз ушинтип биржи бирибизди чукушуп журуп бутобузгоо Ката издешип
+1
Adil706070
2017-02-05 21:55:24
тен укуктуулук
+1
Dimonbek
2017-02-06 00:09:11
Бишкек шаардык соту Атамбаевди сотко берсе , элестеткиле , анан дагы сот президентке каршы чечим чыгарса)))) Андай деңгээлге көп бар го)
+3
Seiil.94
2017-02-06 00:31:50
Бизнесмен эч качан саясатчы боло албайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан