Кара-Балта шаарынын тургундары: "Данияр Шабдановдун мэрлик кызматка ат салышууга моралдык укугу жок"

Кара-Балта шаарынын тургундары шаар мэрлигине талапкер Данияр Шабдановдун бул кызматка ат салышууга моралдык укугу жок экенин бүгүн, 7-февралда маалымат жыйынында айтып чыгышты.

"Биз Шабдановго ишеним көргөзбөө максатында маалымат берип жатабыз. Ал буга чейин 2011-жылдан бери иштеп турганда калаанын аймагында эч кандай өнүгүү болгон эмес. Анын айрым иштери соттук кароого чейин жеткен. Биз талапкерге нааразыбыз. Анын бул кызматка ат салышууга моралдык укугу жок болчу", - деп билдирди жергиликтүү тургун Давран Касымов.

Эске салсак, жергиликтүү жашоочулар 6-февралда нааразычылык билдирип, борбор калаада митинг өткөрүшкөн.

Маалыматка ылайык, калаа башчысын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 8-февралында жүргүзүлөт. Учурда Данияр Шабданов мэрдин убактылуу милдетин аткаруучу кызматын аркалоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан