Дары менен камсыздоо департаменти: "12 куту димедрол дарысын саткан сатуучунун иши сотко өткөрүлүп берилет"

12 куту димедрол дарысын саткан сатуучунун иши сотко өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары менен камсыздоо департаментинен билдиришти.

"Бизге жабырлануучу тараптан арыз келип түшкөн. Учурда арыздын негизинде иш алып барып жатабыз. Мында сатуучу тарабынан орой катачылык кетирилген. Анткени ал дарыгердин көрсөтмөсү жок димедрол дарысын сатып жибериптир. Бул ишти иликтеп бүтүп, биз сотко өткөрүп беребиз", - дейт департаменттин жетектөөчү адиси.

Эске салсак, буга чейин 13-февралда Бишкек шаарынын тургуну, 21 жаштагы кыз 12 куту димедрол дарысын сатып алып, анын 30 даанасын ичип ооруканага түшкөн. Маалыматка ылайык, бейтапканага түшкөн кыздын апасы сатуучунун эрежеге ылайыксыз аракетин териштирүү максатында департаментке арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
abusait
2017-02-16 12:11:46
Сатуучуда эмне куноо?? Бечараны эми нары бери кыйнашат.
+3
ulchana
2017-02-16 12:49:45
Апасынын кандай оюу жок десен э,кызы сатуучу учун ичпесе кк озу учун ичти да.Же жанында конкуренттери эле кылып жатышат атайын.Штраф толотот да коюп жиберет,Адам олбодуго акыры
+3
Parish
2017-02-16 13:37:33
Чон эле кыз сатып алса
берет да ,жээ димедролду
рецеп менен берет бекен.
0
ulchana
2017-02-16 17:40:07
Parish,Против аллерги.Еще усиливает действие обезболивающих,жаропонижающих средств.Побочное действие-сильный седативный эффект(сонливость)для этого его принимают.В больших дозах вызывает эйфорию,привыкание,пристрастие...Ошон учун наркомандар коп алышат.Бул жизненно не обходимый препарат ошон учун по рецепт сатылыш кк.
+1
Nurkyz1977
2017-02-16 14:11:32
Оро албаган орок тандайт дегендей озунун куноосун кимге жапкысы келет. Акыл эси ордунда болсо ошончо дарыны ичеби? Уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан