Кыргыз Республикасында жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн тестирлөөдөн өткөрүү сунушталууда. "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова демилгелеп чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Кийинки аптада талкууланары күтүлүүдө. Өмүрбекованын билдиришинче, мыйзамдын максаты - өлкөдөгү ЖОЖдордун сапатын көтөрүү, күчтүү кадрларды даярдоого шарт түзүү. Сунушталган документке ылайык, тестирлөөнү тендерден уткан көз карандысыз уюм жүргүзөт.
"Бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык квалификациялык тестирлөөдөн өткөрүү учурдун талабы. Сунушталган долбоор жогорку окуу жайлардын сапатын көтөрүүгө түрткү берет деп ишенем. Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү босоголук чектен аз упай алышса, ошол окуу жайдын тармактык билим берүү программасына берилген лицензияны алып коюуну сунуштап жатабыз. Мисалы, юристтик билим берүү программасы боюнча мыйзам кабыл алынса, ишти абитуриенттер эң көп тапшырган адистиктерден баштайбыз. Канадада ушундай, студент ЖОЖдо окуп, кадимкидей дипломун алат. Бирок квалификациялык тестирлөөдөн кулап, сертификат ала албай калса мамлекеттик кызматка орношо албайт. Биз да акырындык менен ошол деңгээлге жетишибиз керек", - деди Өмүрбекова SUPER.KG порталына.
Мыйзамды ишке ашырууга республикалык бюджеттен кошумча акча талап кылынбасы айтылды.