Макао менен болгон оюнга Александр Крестинин Кыргыз өлкөсүнүн курамына 23 футболчуну чакырды

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин курамга 23 футболчуну чакырды. Футбол федерациясы билдиргендей, алар 18-марттан 26 мартка чейин Түркияда машыгуу сборун өткөрүшөт.

Улуттук курама командага алгачкы жолу “Дордой” клубунун жарым коргоочусу Авазбек Откеев жана “Алай” клубунун оюнчусу Муролим Ахмедов чакырылды.

Кыргыз өлкөсүнүн курамы:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Калыс Акималиев.

Коргоочулар: Валерий Кичин, Аманбек Маныбеков, Даниэл Тэго, Азамат Байматов, Данила Сокирченко, Ильяз Алимов, Виктор Майер, Владимир Казакбаев.

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков, Эдгар Бернхардт, Ислам Шамшиев, Муролим Ахмедов, Азиз Сыдыков, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Авазбек Откеев.

Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев, Виталий Люкс

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсү менен Макао 28-март күнү Бишкекте Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында ойношот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ulan2601
2017-03-09 13:32:17
Ийгилик буюрса Макаону женет
+2
USSRKG
2017-03-09 14:38:41
Эээми состав ойдогудай болуптур
0
Azat.97
2017-03-09 15:30:41
оо Землянихундин оюнун корот экенбиз
+5
BekAmir
2017-03-09 15:52:30
Ийгилик
0
Saidulla
2017-03-09 16:25:00
Состав сооонун болгонгооо
0
elmurat.kg
2017-03-09 16:33:41
оххх земля корсотот али
0
duyshon.kg
2017-03-09 20:05:35
Ак_шумкарларга ийгилик
0
nur_zhoni
2017-03-10 00:20:26
Буйурса ийгилик биз жакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан