Бүгүн, 10-сентябрда футбол боюнча Кыргыз курама командасы Сирия командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Аталган беттеш 2019-жылы өтө турган Азия кубогуна даярдануу максатында өткөрүлөт. Эки курама команданын беттешине билеттердин баасы белгиленген тилкеге жараша 250, 350, 500 жана 1 миң 500 сом болот. Билеттерди стадиондун кассасынан саат 11:00дөн 20:00гө чейин сатып алууга болот.
Буга чейин Кыргыз улуттук курама командасы Палестина менен кез келип оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталган. Аталган оюнда Кыргыз курамасынын капитаны Мирлан Мурзаев жаракат алып, Сирия менен болгон беттешке чыкпай тургандыгы айтылган.
Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.