"Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлоруна тартылган актёр, сценарист, алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы менен Японияга барып келди. SUPER.KG порталы Нурсултан Курсанали уулу менен иш сапары жөнүндө, Япониядагы кызыктуу окуялар жана Япония-Кыргыз беттеши тууралуу маек курду.
Саламатсыңбы Нурсултан, Японияга болгон сапарың тууралуу айтып берсең?
- Японияга мен футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы менен бардым. Өлкөбүздүн футбол федерациясы бизге келип бирге иштешүүнү сунуш кылган. Муну өзүнчө бир долбоор деп айтса болот, ага биз Алинур Абдыкалыков менен чогуу катышып жатабыз. Негизги максат бул футбол күйөрмандарын бириктирип, футболго көбүрөөк көңүл бурдуруу болду. Бул долбоордун алкагында биз футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын 2019-жылы БАЭде өтө турган Азия Кубогуна даярдыгын, машыгууларын жана жалпы эле футболчулардын жашоосун көрсөтөбүз.
Токио шаарын көрүп келдиң, ошол тууралуу айтып берсең?
- Токио шаарына мен гана бардым. 40 адамдын арасынан Кудай мага гана буюруптур. Биз Япониянын Кашима деген шаарына токтогонбуз. Кашима менен Токионун ортосу 2 сааттык жол экен. Бул убакытта футболчулар абдан көп жумушту кылганга жетишти.
Мен командадан, менеджерлерден жана машыктыруучулардан Токиого барып келүүгө уруксат сурадым. Алар макул болуп, Токиого бардым. Токиого 2 саатта жетип, ал жакта 3 саат гана болуп, анан кайра 2 саат коротуп Кашимага кайтып келдик. Токиого ошентип жалгыз эле барып келдим, жанымда жадакалса интернетке кирүүгө SIM-карта жок болчу. Ал жакта менин досторум деле жок, япон тилин да билбейм. Бир гана 11 жылдан бери окуп келген англис тили мага жардам берди.
Токиодо эч адашкан жокмун, анткени бардыгы белгиленип турат экен. Шаар абдан жакты, бир-эки жерге барып сейилдеп, сонун жерлерди көрдүм. Хатико менен дагы сүрөткө түшкөнгө жетиштим.
Кыргыз улуттук курама командасы менен япониялык футболдук клубдун беттеши кандай болду?
- Бул оюн негизи абдан маанилүү болду. Кыргыз футболчулар "Кашима Антлерс" деген команда менен кез келди. Бул команда Азиянын Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү, күчтүү командалардын бири экен. Кыргыз курамасы жана "Кашима Антлерс" командасы бири-бирин текшерүү максатында беттешти. Оюнга келген күйөрмандар абдан маданияттуу экен. Алардын оюнунда кыйкыруу, отургучтарды сындыруу деген болгон жок. Оюндун алдында командалар машыгууга чыгышат, ошол машыгууга кыргыз футболчулары чыкканда япониялык күйөрмандар кол чаап, шаңдуу тосуп алышты. Биздин күйөрмандар деле ушундай колдойт, бирок биз өзүбүздүн курамабызды гана колдойбуз. Башка командалар келсе, аларды антип колдобойбуз.
Беттеште кызыктуу окуялар болдубу? Канча кыргыз күйөрман барды?
Менин оюмча, кыргыз күйөрмандардын саны 20га жетти. Алардын арасынан бир адамга көзүм түштү. Ал биз отурган кезде келип, биз менен учурашты. Карасам келбети япониялык, бирок футболкасында "Кыргызстан" деп жазылган. Ал менен таанышып, англисче сүйлөп баштасам, мага орусча жооп берди. Көрсө ал Кыргыз жергесинде жашап кеткен экен. Ошондой эле япониялык 2 кыз Кыргыз желегин желбиретип биздин кураманы колдоп турушту.
Жеңилип калгандан кийин кыргыз футболчулардын абалы кандай болду?
- Беттештен кийин балдардын маанайы чөктү. Себеби кыргыз футболчулар "алар деле бизге окшогон 2 колу, 2 буту бар адамдар, мыкты оюн көрсөтүп, буюрса, "утабыз" деп чыгышкан.
Курамабыз менен жакындан тааныштың, алар кандай экен?
- Балдардын баары бири-бирин колдоп турат экен. Мен аларга кошулуу абдан кыйын болот деп ойлогом. Тескерисинче, алар мени жакшы кабыл алып, кадимки 12-оюнчу болуп кошулдум.
Япония эмнеси менен эсиңде калды?
- Японияда жашаган адамдар мага кызыктуу көрүнүштү. Алар башкача ойлонуша турганын байкадым. Абдан тартиптүү келип, эч качан кечикпейт экен. Бири-бирине сый-урмат менен гана мамиле кылып жатышты. Мен почтага, дүкөнгө же мейманканага кирген сайын жылмайып, жакшы маанай менен тосуп алышты. Ал эми бизде дүкөнгө кирсең сатуучу сени менен учурашпай коюшу дагы мүмкүн. Дагы Японияда бардыгы жол эрежесин сактаганы жакты. Мен ал жактан жол эрежесин көзөмөлдөөчү камера дагы көргөн жокмун.
Азия Кубогунда Кыргыз курама командасы кандай оюн көрсөтөт деп ойлойсуң?
- Менин оюмча, Азия Кубогунда биздин тайпада Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин курамасы ойнойт. Биринчи беттеш Кытай менен болот, алар менен биз жакшы ойной алабыз деп ойлойм, анткени Япония курамасы менен болгон беттеш биздин курама үчүн сонун тажрыйба болду. Биздин оюнчулар Кытайды ута алат деп ойлойм. Филиппин курамасы менен биз буга чейин жолукканбыз. Ал беттеште биздин футболчулар утулуп калган, эми Кыргыз курамасы алардан өч алат. Ал эми Түштүк Корея Япония сыяктуу күчтүү атаандаштардын бири, алар менен кызыктуу оюн болот. Менин божомолумда биздин курама команда тайпалык баскычтан чыга алат.