Азия кубогунун алкагындагы Кыргыз өлкөсү-Индия футболдук беттешине билеттер 22-мартта сатыкка чыгат (баалар)

22-марттан баштап Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунун кассасында футбол боюнча 2019-жылы өткөрүлө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюнунун алкагындагы Кыргыз өлкөсү-Индия беттешине билеттер сатыла баштайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, билеттердин баасы 250 сомдон 500 сомго чейин болот. Билеттерди стадиондун кассасынан күн сайын саат 11:00дөн 20:00гө чейин сатып алууга болот.

Кыргыз улуттук курама командасы "А" тайпасында Индия, Макао жана Мьянма курамалары менен бирге жайгашкан. Анда 1-орунда 13 упай менен Индия, 2-орунда 7 упай менен Кыргыз өлкөсү жана 3-орунда Мьянма 5 упай менен жайгашкан. Ал эми 4-орундагы Макаодо упай жок.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү-Индия беттеши 27-мартта саат 20:00дө башталат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jurnalist.kg
2018-03-20 14:15:16
Алга Кыргызстан!!! Ийгилик
0
TalaCSKA
2018-03-20 14:38:55
Супер сураныч стадиондун администрациясы менен байланышып олтургучтарды тазалайт экенби же кайра эле газета ала барат экенбизби билип бергилечи ) ?
+4
Azat.97
2018-03-20 18:15:22
Барабыз.Колдойбуз.Алга Кыргызстан!
0
kanybek1986
2018-03-20 19:36:54
Газета алып баргыла ойдорооктон коросунор
+1
Aikyn93
2018-03-21 00:45:11
Супер.кж.Фотону басканда өзүнчө көргөзгөндөй кылып койгулачы жакындатып дегендей фотону көчүргөнгө ылайыктап.
0
alixan.2000
2018-03-21 18:48:31
Алга кыргызстан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан