Америкалык рэп ырчы Тимбалэнд 45 жашка толду. Ал 1972-жылы 10-мартта АКШнын Виргиния штатындагы Норфолк шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Тимоти Мосли. Продюсер, рэп аткаруучу жана көптөгөн хит ырлардын автору, "Грэмми" сыйлыгынын 2 жолку ээси Тимбалэнд башка рэп ырчылардан айырмаланып, жашоодо бир агым менен аккан адамдардан. Ошондой эле анын башка ырчыларга жазып берген ырлары да өтө кымбат турат. Алсак, жазган 1 ыры 300 миң доллар. Акыркы кезде Тимбалэнд Кэти Перри, Жастин Тимберлейк жана башка белгилүү ырчылар менен кызматташа баштаган.
Жеке жашоосу
2008-жылы рэпер ага бир жыл мурда кыз төрөп берген Моник Идлеттке баш кошкон. 2015-жылга чейин Моник күйөөсү менен ажырашууга 2 жолу арыз тапшырган. Бирок түгөйлөр элдешип, никесин сактап калышкан.
10-мартка карата жылнаама