28-мартта футбол боюнча Азия Кубогуна тандоо турунун алгачкы беттештери орун алат. Азия футбол конфедерациясынын расмий сайты кабарлагандай, "В" тайпасындагы Иордания менен Камбоджа оюнун кыргыз калыстары тейлешет.
Амман шаарында өтө турган беттештин башкы калысы болуп Дмитрий Машенцев дайындалса, ага Сергей Грищенко жана Бахадыр Кочкаров көмөктөшөт. Ал эми кошумча калыстын милдетин Рысбек Шекербеков аркалайт.
Эскерте кетсек, Азия Кубогунун тандоо турунун алгачкы беттештеринин бири 28-мартта Бишкек шаарында да өтмөкчү. Анда Кыргыз курамасы менен Макаонун командасы кез келет. Ал эми оюнду тейлей турган калыс сириялык Масуд Туфаели болмокчу.