Азия Кубогу: Кыргыз улуттук курама командасы машыгууларды өткөрдү

Бүгүн, 15-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында Азия Кубогунун 3-турундагы Кыргыз-Филиппин беттешинин алдында кыргыз футболчулар ачык машыгуусун өткөрдү.

Машыгуулар "Рашид" стадионунда саат 20:00дө башталып, ЖМК өкүлдөрүнө алгачкы 15 мүнөт гана ачык болду.

Кыргыз-Филиппин беттеши эртең, 16-январда өтөт. Анда жеңишке жеткен команда Азия Кубогунун кийинки этабына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Буга чейин Филиппин курамасынын машыктыруучусу маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип, курам машыгуусун өткөргөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Altyn2017
2019-01-15 21:10:41
Алга ак шумкарлар кудайым силерге күч кубат берсин силерге ишенип мен пари матчка 5000 рубль сайып койдум буюрса утасынар силер ишенем силерге
+4
faraon312
2019-01-15 21:57:49
Тарыхтын ак барагын баракташсын,
Жалпы элдин ишенимин дагы акташсын!
Кыргыздын шумкарлары кубандырып,
Талпынып алыстарга канат каксын!
+2
souza.j
2019-01-15 22:23:59
Алга кыраандар. Намысты алдырбагыла.Силерге ишенем утасынар. Силер менен сыймыктанам
0
minchynar1000
2019-01-16 00:28:48
Алга ак шумкарлар кудайым куч кубат берсин. кудайым колдоп. кубокту утуп калсанар кана
0
faraon312
2019-01-16 22:14:43
Азаматсыңар, ак шумкарлар!
Жеңиш кут болсун, Кыргызстан!
Эми алдыдагы баскычтарда да ийгилик жылмайсын бизге!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан