Бүгүн, 5-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында футбол боюнча Азия Кубогу старт алат.
17-Азия Кубогунун биринчи беттеши Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайед" стадионунда өтөт. Азия биринчилигинин алгачкы беттешинде талаа ээлери БАЭ менен Бахрейн курама командалары кездешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Белгилүү болгондой, аталган мелдеште жалпы 24 курама команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Мелдеш БАЭнин 4 шаарында өтөт.
Мелдештин "С" тайпасында Кыргыз улуттук курама командасы бар, алар бир тайпага Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин курамалары менен түшкөн.
Кыргыз футболчулары алгачкы беттешин Кытайга каршы 7-январда өткөрсө, 11-январда Түштүк Корея менен жана 16-январда Филиппин менен ойнойт.