Азия кубогунун алкагында Кыргыз курама командасы алгачкы беттеште Кытай курамасы менен кез келет

Бүгүн, 4-майда 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү футбол боюнча Азия Кубогунун чүчү кулак аземи өттү. Анда Кыргыз курама командасы "С" тайпасында жайгашып, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курама командалары менен беттешет.

Эске салсак, Азия биринчилиги 2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай, Абу-Даби, Эль-Айн жана Шарджа шаарларында орун алган 8 стадиондо өтөт.

Азия кубогунун алкагында Кыргыз курама командасы алгачкы беттеште Кытай курамасы менен беттешет.

Чүчү кулактын жыйынтыгы:
"А" тайпасы: БАЭ, Таиланд, Индия, Бахрейн;

"В" тайпасы: Австралия, Сирия, Палестина, Иордания;
"С" тайпасы: Түштүк Корея, Кытай, Кыргыз өлкөсү, Филиппин;

"D" тайпасы: Иран, Ирак, Вьетнам, Йемен;

"Е" тайпасы: Сауд Аравиясы, Катар, Ливан, Түндүк Корея;

"F" тайпасы: Япония, Өзбекстан, Оман, Түркмөнстан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
FCB14
2018-05-04 22:58:34
Алга Кыргызстан.Кытай Корея кучтуу командалар
+1
marat_1910
2018-05-04 23:01:47
сон хон мин менен байматовдун тиреши
0
Ulukbek9109
2018-05-04 23:14:27
marat_1910,аны салыштырып болбойт сон хиен ми 30 50 млн доллор турат а байматов болсо 1млн доллорга жетпейт тууганым
+1
zahid
2018-05-05 15:48:29
Ulukbek9109,корейге болушпа
0
NURSAPAR
2018-05-04 23:02:09
Кандай болсо да ийгилик. Убакыт бар. Машыгуу машыгуу жана машыгуу
+3
Zainidin96
2018-05-04 23:04:12
Молодцы кыргыздар Азия чемпиондугунда ойнойт экен да ийгиликтер болсун жалан гана женишти кутобуз силерден Алга Кыргызстан
0
Dembele84
2018-05-04 23:04:28
Биздин курама команда буга чейин Азия кубогуна чыккан бекен же тарыхта биринчи жолу чыгып жатабы?Билгендер так маалымат жазып койгулачы!
0
Ulukbek9109
2018-05-04 23:13:07
Dembele84,1чи жолу чыгып жатат
0
jumaev0084
2018-05-04 23:06:17
Жалан кучтуу командаларга туш келип калыптырго
+2
Jelezo
2018-05-04 23:06:51
Биринчи жолу
0
dair_17
2018-05-04 23:11:27
кытай менен филипинди утса болот
+1
Edward.14
2018-05-04 23:25:10
2-орун менен чыкканга мүмкүнчүлүк бар
+1
mirbek_kgz.1990
2018-05-05 00:21:07
Мына биз куткон кун да келди.Биринчи жолу чон турнирде ойнойбуз.Каршылаштар кучтуу бирок топ тоголок ойносо болот.Ийгилик гана каалап калабыз АК Шумкарларга.Алга Кыргызстаным!
+4
okumushtuu
2018-05-05 00:31:03
оооо абдан жакшы жанылык.
0
audi80
2018-05-05 00:41:25
Азиянын эн кучтуу командалар м.н бир групага тушуптурдп
+3
Ka4okrys
2018-05-05 03:08:49
Исландия Уельсьтей сенсация кылгыла
+1
baatyrbek083
2018-05-05 12:22:42
Кап ото кучтуу командаларга тушуптур.Ийгилик каалайбыз.
+1
bermutski
2018-05-05 13:00:41
Куч атасын тааныбайт.Биздин командага ийгилик .Групадан чыкканга мумкунчулугу бар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан